akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-18-06, 10:11

    Алмамбет Шыкмаматов президенттин жардамчысы болуп дайындалды

    Алмамбет Шыкмаматов мамлекет башчынын жардамчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Садыр Жапаров кол койду. 

    Эске салсак, 2023-жылдын сентябрынан тарта Алмамбет Шыкмаматов Мамлекеттик ипотекалык компанияны жетектеп келген. 

    Буга чейин Юстиция министри, Өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттигинин жетекчиси, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы, Бишкек эркин экономикалык аймагынын жетекчиси сыяктуу бир катар жооптуу кызматтарды аркалаган.