АБН облигациялар боюнча чегерилген кирешени жарыялайт

24 июня 2024, 13:14

"АБН" микрофинансылык компаниясы облигациялар боюнча чегерилген кирешени жарыялайт. Анын кирешелүүлүгү 19% түзөт. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында айтылат.

Бир облигациянын номиналдык баасы 5 миң сомду түзөт. Киреше төлөө 2024-жылдын 3-июлунда башталат.

Киреше алуу үчүн баалуу кагаздардын ээлеринин тизмесин түзүү 2024-жылдын 30-июнуна белгиленген. Кирешени төлөө формасы накталай акча болуп саналат.

Киреше төлөп берүү облигация ээсинин берген арызына ылайык, анын банктык эсебине акча каражаттарын которуу жолу менен жүргүзүлөт.