«Айыл Банк» ААКдан газдаштырууга жылына 8% менен кредиттер
Абанын булганышына каршы күрөшүү үчүн «Айыл Банк» ААКсы «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы менен биргеликте «Газдаштырууну жеңилдетилген каржылоо-2» долбоорун улантууда.
Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тургундары турак жайларды жана коммерциялык объекттерди газдаштыруу үчүн "Айыл Банктан" пайдалуу шарттарда кредит ала алышат.
«Газдаштыруу» кредиттик продуктунун шарттары:
- күрөөсүз, кепилдиксиз жана өздүк салымсыз;
- кредиттин суммасы 150 000 сомго чейин, мөөнөтү 24 айга чейин;
- пайыздык чени – жылдык 8%;
- кредит берүүдө эчкандай комиссия жок (КИБ жана накталай акча алуу комиссиясы).
Кредиттин максаты:
- газга туташтыруу;
- газдаштыруу курулуш-монтаждоо жумуштарын (КМЖ);
- газ менен жылытуучу казандарын орнотуу/сатып алуу;
- газдаштыруу үчүн мурда алынган кредиттерди кайра каржылоо.
- Натыйжалуу пайыздык чен - 8,28%.
Газдаштыруу таза, ден-соолукка пайдалуу жана маанилүү кадам болуп саналат
биздин өлкөбүздүн экологиялык таза келечеги.