«Акылман» лицейине 8-класстын 48 окуучусу өттү

28 июня 2024, 17:40

Билим берүү жана илим министрлиги 8-класстын окуучулары арасында “Акылман” президенттик лицейине конкурстук тандоонун III турунун жыйынтыгын чыгарды.

Лицейге 48 окуучу өттү. 

Ошондой эле 49-орундан 59-орунга чейинки тизмедеги 11 окуучу лицейде окууга талапкер катары резервге алынды. 

Конкурстук тандоодон өткөн жана резервге алынган балдардын тизмеси менен https://t.me/akylmanpresidentialschool/222 телеграмм каналынан таанышууга болот.
Белгилей кетсек, “Акылман” Президенттик лицейине 8-класстар арасында конкурстук тандоонун I туруна – 5089, II туруна – 2257, III туруна 690 – талапкер катышты.