Таласта мөндүр 50 гектарга жакын эгинди жараксыз кылды

25 июня 2024, 10:00

Талас облусунун Бакай-Ата районунда кечээ катуу жаан менен мөндүр жаап, табигый кубулуштун кесепетинен Кыргызстан, Жон-Коргон жана Биринчи Май айылдарында 50 гектарга жакын эгин жараксыз абалга келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Ал эми Боо-Терек айылында катуу шамалдан 15ке жакын турак жайдын чатырлары учурулган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бакай-Ата райондук бөлүмүнүн куткаруучулары жана облустун акими айыл тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Бүгүн Жарандык коргонуу комиссиясы материалдык чыгымдарды аныктоо иштерин баштайт.