Баткен шаарында муниципалдык автобекет курулууда

19 июня 2024, 16:55

Баткен шаарында муниципалдык автобекет курулууда. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, бул үчүн мэрия Чет-Булак аймагындагы Курманжан-Датка көчөсүнөн 1 гектар жер ажыраткан.

Курулушка республикалык бюджеттен, Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган 500 млн сомдун эсебинен 42 млн сом бөлүнгөн.

Бүгүнкү күндө автобекеттин административдик имаратынын курулушу 75% аяктап, курулуш иштери андан ары уланууда. Объектти быйыл пайдаланууга берилүү пландалган.