«Бедел» жаңы өткөрүү пунктун курууга дээрлик 78 млн сом керектелет

21 июня 2024, 17:06

Өкмөт Жогорку Кеңешке кыргыз-кытай чек арасындагы “Бедел” өткөрүү пунктун ачуу боюнча өкмөттөр аралык макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. 

Жаңы өткөрүү пунктун курууга Кыргызстандын бюджетинен болжол менен 77,9 млн сом (896 миң доллар) бөлүү пландалууда.

Бийлик “Бедел” көзөмөл-өткөрүү пунктун куруу зарылдыгын азыркы Кашкар – Торугарт – Нарын – Бишкек транспорт коридоруна салыштырмалуу Кытайдын Шинжаң-Уйгур автономиялуу районунан келген жүктөрдү жеткирүү мөөнөтүн кыскартарын белгилейт.