Бейшеналиев: бир бейтаптын боорун алмаштырууга 50 миң доллар кетет

25 июня 2024, 14:52

Кыргызстанда боорду ийгиликтүү алмаштыруу операциясынан кийин биринчи донор ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. 

Экспертиза донорлордун жана реципиенттердин боорлору тамыр жайып, керектүү өлчөмдө чоңойгондугун көрсөттү.

Бир бейтапка боорду алмаштырууга 50 миң долларга жакын акча президенттик фонддон бөлүнөт. 

Кыргызстанда 17 миңдей адам боор оорусунан жапа чексе, анын жарымы трансплантацияга муктаж. Мыйзам боюнча донорлор туугандар гана боло алат.