Өлкөдө ID картаны акысыз алмаштыруу боюнча акция башталды

1 июля 2024, 17:40

Бүгүн Кыргызстанда 2004-жылкы үлгүдөгү AN сериясындагы ID-карталарды  2024-жылдын жаңы үлгүсүндөгү ID-карталарга алмаштыруу боюнча улуттук кампания башталды. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Белгиленгендей, паспортту алмаштыруу бардык жарандар үчүн акысыз. 

Мекеме 2017-жылдагы документтерди өзгөртүүнүн кереги жок экенин белгиледи. 
Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүн эртең менен эски үлгүдөгү ID-карталарды алмаштырууну каалаган 2 миңден ашык адам кайрылган.