Бишкек-Астана багыты боюнча түз аба каттамы ачылат

19 июня 2024, 16:35

Бишкек-Астана багыты боюнча түз аба каттамы ачылат. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аба майданынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, казакстандык авиакомпания 9-июлдан тарта Астана-Бишкек-Астана багыты боюнча түз аба каттамын аткарат.

Бишкектен Астанага учуу убактысы 1 саат 45 мүнөттү түзөт. Каттам жумасына эки жолу - шейшемби жана жекшемби күндөрү аткарылат.