Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болору күтүлүүдө

28 июня 2024, 15:06

Жакынкы сааттарда жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө өткүн өтүп, күн күркүрөшү, ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал болушу күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. 

Министрлик жарандарды автоунааларын бак-дарактардын жана жеңил объектилердин жанына токтотпоого чакырды. Ошондой эле, электр зымдары бар жерлерге жакын барбоону жана көз айнек тагынууну сунуштайт.