Бишкек — Ош жолу унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылды

28 июня 2024, 14:48

Бишкек-Ош жолу унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, катуу жааган жамгырдын кесепетинен жолдун 104-105-чакырымында жолго таштар кулап, сел жүргөн. 

Транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев абал менен таанышып, аймакты тазалоону жана транспорттун өтүүсүн камсыздоону тапшырды. Учурда жеринде атайын техника иштеп жатат.