Газдаштырууга 6,18 млн сом жеңилдетилген насыя берилди

19 июня 2024, 10:02

Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында “КРнын Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо-2” долбоорун ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору катышууда. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. 

Аларды насыялоонун көлөмү 1,0 млрд сом түзөт.  

2024-жылдын 14-июнуна карата бул долбоордун алкагында республиканын 44 каржылоо субъекттерине 6,18 млн сом суммасына жеңилдетилген насыя берилген.