Бишкек жана Чүйдү газдаштырууга 6,54 млн сом насыя берилди

27 июня 2024, 10:35

Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштырууга дээрлик 7 млн сом жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-июнга карата каражат 47 каржылоо субъекттерине берилди. Кредиттөөнүн жалпы көлөмү 1 млрд сомду түзөт.

Жеңилдетилген насыя эки мамлекеттик банк аркылуу берилүүдө.