Бишкекте 117 млн сомго мамлекеттик архивдин жаңы имараты курулууда

25 июня 2024, 13:00

Бишкекте мамлекеттик архивдин жаңы имараты курулууда. Долбоордун сметалык баасы 117 миллион 385 миң 758 сомду түзгөн. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы билдирди. 

Белгиленгендей, учурда курулуш кызуу жүрүп жатат, 1-кабаттын пайдубалы бүтүп калды. 

“Жаңы имарат 2025-жылдын апрель айында пайдаланууга берилээри күтүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.