Бишкекте экинчи Тез жардам клиникасы ачылат

27 июня 2024, 09:30

Бишкекте экинчи Тез жардам клиникасы ачылат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, учурда ордо калаада бир эле Тез жардам клиникасы бар. Шаар чоңоюп жаткандыгына байланыштуу мурдагы Аламүдүн облустук ооруканасы экинчи Тез жардам клиникасы болот.

Министр Тез жардам кызматы акысыз тейлей турганын кошумчалады.