Бишкекте кийинки жылуулук сезонуна даярдык иштери жүрүүдө

27 июня 2024, 09:25

Бишкекте кийинки жылуулук сезонуна даярдык иштери жүрүүдө. Мэриядан билдиришкендей, пландык жумуштар учурда 5 буу казанда жүрүп жатат.

Алар менен 140 объект тейленет, анын ичинде турак жайлар, бала бакчалар, мектептер, бейтапкана жана аскердик окуу жай бар.

Буу казандарды оңдоо иштери тургундарды үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыздоо максатын көздөйт.