Бишкекте жарнама такталарын демонтаждоо башталды

20 июня 2024, 14:50

Бишкекте жарнама такталарын демонтаждоо башталды. Муниципалитеттен билдиришкендей, эски металл конструкциялардын ордуна заманбап LED-экрандар орнотулат.

Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров Бишкек мэриясына шаардагы эски жарнамалык такталарды 31-августка чейин LED-экрандарга алмаштырууну тапшырган.

Демонтаждоо иштерин мэриянын жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы “Тазалык” ишканасы менен биргеликте жүргүзүүдө.