Бишкекте Жибек Жолу проспектисин оңдоо иштери башталат

21 июня 2024, 16:34

Бишкекте 23-июндан тарта Жибек Жолу проспектисин капиталдык оңдоо иштери башталат. Бул тууралуу Борбор калаанын мэриясы билдирди. 

Белгиленгендей, оңдоо иштери бир нече этап менен жүргүзүлөт. Биринчи этапта түштүк тараптан Тоголок Молдо көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки аймак жабылат.
Тыгындарды болтурбоо үчүн жол этап-этабы менен жабылат: адегенде түштүк тарап, андан кийин түндүк тарап.

Жибек Жолу проспектисинин Тоголок Молдо көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки бөлүгү бир нече этап менен оңдолуп, жалпы узундугу 3,2 чакырымды түзөт.