Борбор калаада 203-кичи каттам автобуска алмаштырылды

21 июня 2024, 09:30

Бишкек шаарында 21-июлдан тарта №203 автобус каттай баштайт, аны “Бишкекшаартранс” муниципалдык ишканасы тейлейт. 

Бул иш-чара борбор калаанын тургундарына ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн жана коомдук транспорт тармагын өнүктүрүүнүн алкагында ишке ашырылууда.

Белгилеп кетсек, бара-бара бардык кичи маршруттук каттамдар толугу менен автобустарга алмаштырылат.