Былтыр Эсептөө палатасы 10,8 млрд сомдук мыйзам бузууну аныктаган

20 июня 2024, 09:20

2023-жылы Эсептөө палатасы 81 аудитордук иш чара жүргүзгөн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Эсептөө палатасынын төрагасы баяндама жасап жатып белгиледи. 

Текшерүүгө аудит объектилеринин 1 миң 738 түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрү камтылган, анын ичинен: 

  • бюджеттик мекемелер ¬– 944;• чарба жүргүзүүчү субъекттер – 357;
  • жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу мекеме жана уюмдар – 402;
  • башка уюмдар – 35. 

Отчёттук жыл ичинде жүргүзүлгөн аудитордук иштин жыйынтыгы боюнча Эсептөө палатасы тарабынан 10,8 млрд сом суммасында калыбына келтирүүгө тийиш болгон финансылык тартип бузуулар аныкталган. Анын ичинен 4,0 млрд сом, же 37,0 пайызы калыбына келтирилген.