Былтыр Кыргызстан Грузиядан 695,6 млн долларга товар импорттогон

24 июня 2024, 16:11

2023-жылы Кыргызстан Грузиядан 695,6 млн долларлык товар импорттогон. Кыргызстан Грузия экспорт жасаган өлкөлөрдүн алдыңкы бештигине кирет.  Бул тууралуу “Геостатистика” телеграм-каналы Грузиянын Улуттук статистикалык кызматына таянып жазды. 

Маалыматта Кыргызстан Грузияга канча долларга экспорт жасаганы жазылган эмес. Грузия эң көп экспорт жасаган беш өлкө: Азербайжан (862 млн доллар), Армения (787 млн доллар), Казакстан (702,9 млн доллар), Кыргызстан (695,6 млн доллар) жана Орусия (657 млн доллар). 

Кошумчалай кетсек, Грузия эң көп Түркиядан (2,57 млрд доллар), АКШдан (2,04 млрд доллар), Орусиядан (1,74 млрд доллар), Кытайдан (1,33 млрд доллар) товар импорттогон.