Кыргызстандын бюджетинин тартыштыгы ИДПнын 1,6% түзөт

24 июня 2024, 10:15

Дүйнөлүк банк Кыргызстандын жалпы бюджетинин таңкыстыгы ИДПнын 1,6% түзөт деп күтүүдө. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын “Кыргыз Республикасы: Экономикалык сереп” баяндамасында айтылат.

"Реэкспорттук сооданын басаңдашынан улам салыктык түшүүлөрдүн орточо азайышы болжолдонууда. Ошол эле учурда жумушчу күчкө жана товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө жумшалган чыгымдардын азайышын чагылдырган учурдагы чыгашалардын төмөндөшү күтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Капиталдык чыгымдар тескерисинче, инфраструктураны курууга, анын ичинде Камбар-Ата-1 ГЭСиндеги даярдык иштерине кеткен чыгымдардын көбөйүшүнө байланыштуу бир аз көбөйөт.