Микрокредиттерди көбүнчө Бишкек шаарынын жана Ош облусунун тургундары алышат

25 июня 2024, 11:44

Кыргызстанда микрокредиттерди көбүнчө Бишкек жана Ош облусунун тургундары алышат. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы тастыктайт.

Жалпысынан биринчи кварталда Кыргызстандын жарандары 13,6 миллиард сом микрокредиттерди, негизинен керектөө жана айыл чарба насыяларын алышкан.