Чүй облусунда агроөнөр жай комплекси курулат

28 июня 2024, 10:30

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Корея Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA), "Asia Retail" ЖАК жана "Умай Групп" ААКтын өкүлдөрү да катышты. Анда Чүй облусунда агроөнөр жай комплексинин курулушу талкууланды. 

Маалыматка ылайык, аталган долбоор KOICA тарабынан каржыланат. 

Жолугушууда Данияр Амангелдиев жергиликтүү дыйкандарды колдоо, керектөөчүлөргө сунушталып жаткан продукциянын сапатын жакшыртуу, ошондой эле соода-логистикалык борборду уюштуруу аркылуу продукцияны үзгүлтүксүз камсыздоо максатында долбоордун кыргыз тарап үчүн өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи.

Борбордо продукцияларды сактоо, иргөө жана кайра иштетүү пландалууда.