Чүй облусунда Ысык-Ата-1 чакан ГЭСи ишке кирди

21 июня 2024, 15:25

Чүй облусунда Ысык-Ата-1 чакан ГЭСи ишке кирди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, гидроэлектростанциянын кубаттуулугу 2 МВтты түзөт.

Бул кичи ГЭСтин ачылышы мамлекеттин энергетикалык инфраструктурасын жакшыртууга багытталган мамлекеттик жана жеке сектордун биргелешкен аракетинин натыйжасы экени айтылды.

Белгиленгендей, жакынкы жылдарда өлкөдө ондогон ГЭСтер, күн жана шамал станциялары курулат.