Чүйдүн Панфилов районунда 47,5 млн сомдон ашык акчага мектеп курулат

27 июня 2024, 09:05

Чүй облусунун Панфилов районунда жаңы мектептин курулушу башталды. Жергиликтүү бийликтен маалым болгондой, объект Чорголу айылында жайгашат.

Курулушка казынадан 47,5 миллион сомдон ашык бөлүндү.

Белгилеп кетсек, буга чейинки мектептин имараты 60 жыл мурда салынгандыктан, материалдык-техникалык базасы эскирип, жаңы мектеп куруу зарылчылыгы келип чыккан.