«Алтын балалык» борборуна 8,4 млн сомго азык-түлүк сатып алынат

19 июня 2024, 09:00

Ысык-Көлдөгү “Алтын Балалык” ден соолукту чыңдоо жана реабилитациялык борбору жаш эс алуучулары үчүн азык-түлүк сатып алат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды. 

Маалыматка ылайык, борборго сүт, эт, суюк азыктар жана жашылча-жемиштерди сатып алына тургандыгы айтылат. 

Пландаштырылган тендердин суммасы 8,4 млн сомду түзөт. Жеткирүүчүлөрдүн сунуштарынын акыркы мөөнөтү 24-июнга чейин.

Белгилеп кетсек, Эмгек министрлиги бул жайда ден соолукту чыңдоо борборунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн жана жетим балдардан 1 миң бала эс ала турганын билдирген.