«Дос-Кредобанк» облигациялар боюнча кирешелерди төлөдү

28 июня 2024, 14:45

“Дос-Кредобанк” учурдагы отчеттук мезгилге карата облигациялар боюнча кирешелерди төлөдү. Бул тууралуу КФБ сайтына жарыяланды. 

Киреше алууга укуктуу болгон облигация ээлеринин саны 60 киши. Облигациялар боюнча чегерилген кирешенин суммасы 3,4 млн сомго жетти.

Жалпы 54 адам киреше алган. Облигациялар боюнча төлөнгөн кирешенин суммасы 3 млн 396 миң сомду түздү.

Бирок 6 облигация ээси акчасын ала элек. Облигациялар боюнча төлөнбөгөн кирешенин суммасы 3 миң 840 сомду түзөт. 96 облигациянын кирешеси төлөнө элек. Мунун себеби облигация ээлери акчасын алууга келе элек.