Дыйкан-фермерлерге дээрлик 3 млрд сом жеңилдетилген насыя берилди
Кыргызстанда 14-июнга карата "Айыл чарбасын каржылоо-12" долбоорунун алкагында 7 миң 396 айылдык товар өндүрүүчүлөргө 2 млрд 936 млн сом жеңилдетилген насыя берилди.
Каржы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинде:
- "Мал чарбачылык" тармагы боюнча 2 млрд 624,12 млн сом суммасында 6 миң 416 субъектти;
- "Өсүмдүк өстүрүүчүлүк" тармагы боюнча 312 млн сом суммасында 980 субъектти түзөт.
Аталган долбоорду ишке ашырууга "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" ААКтар катышууда. Кредиттөөнүн көлөмү 5 млрд сомду түзөт.