Эми жылуулук үчүн квитанцияларды телефон аркылуу алса болот

20 июня 2024, 15:20

Эми жылуулук үчүн квитанцияларды телефон аркылуу алса болот. “Бишкек жылуулук тармагы” абоненттери үчүн уюлдук тиркемени ишке киргизди.

Керектөөчүлөр анын жардамы менен электрондук квитанция алып, төлөм жүргүзө алат. Ошондой эле эсептегичтин көрсөтмөлөрүн жөнөтүп, карыздар тууралуу билдирме алышат.

Тиркемеден ишкананын жаңылыктары жана оңдоо иш-чаралары тууралуу маалыматтар менен таанышууга болот. Долбоор санариптештирүү жана кагаз квитанцияларды колдонууну азайтуу максатын көздөйт.