Энергетиктер Ноокат районунда электр энергиясын калыбына келтирүүдө

1 июля 2024, 17:23

Энергетиктер Ноокат районунун селден жабыркаган конуштарында электр энергиясын калыбына келтирүүдө.

Жалпысынан 55 тирөөч жабыркаган. Бүгүнкү күндө алардын 29у калыбына келтирилди.

Жеринде 40 электрик иштеп жатат, ошондой эле 15 даана атайын техника тартылган. Мындан тышкары компаниянын кызматкерлери үйлөрдү селден тазалоого жардам беришүүдө.