Эртең Байтик баатыр көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылат

28 июня 2024, 12:00

Эртең Байтик баатыр көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди. 

Маалыматка ылайык, учурда Байтик баатыр көчөсүнүн Сүйөркулов көчөсүнөн Скрябин көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жолду капиталдык оңдоо иштери аяктады.

Аталган тилке эртең, 29-июндан тарта унаа кыймылы үчүн ачылат.