МИК уставдык капиталын 26,3 млрд сомго чейин көбөйтөт

21 июня 2024, 13:43

Кыргыз фондулук биржасынын биринчи рыногундагы сооданын жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик ипотекалык компаниянын акциялары менен бүтүм түзүлдү.

Бир акциянын баасы 100 миң сомду түзүп, бүтүмдүн жүрүшүндө 44 миң 726 баалуу кагаз сатылган.

Ошентип, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын баалуу кагаздары боюнча сооданын жалпы көлөмү 4 миллиард 472,6 миллион сомго жетти. Бардык түшкөн каражат уставдык капиталды көбөйтүүгө жумшалат.

Май айынын аягында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталы 21 миллиард 792,7 миллион сомду түзгөнүн эске алсак, акцияларды кошумча жайгаштыруудан кийин ал 26,3 миллиард сомго чейин өсөт.