«Бай-Түшүм» банкынын төрагасынын орун басары кызматтан кетти

20 июня 2024, 11:33

"Бай-Түшүм" банкынын аткаруу органынын курамында өзгөртүүлөр болду. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Банктын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Гүлзина Исакованын ыйгарым укуктары токтотулду.

Буга өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазганы себеп болгон.