Июлдан тарта Оштон Ысык-Көлгө күн сайын учууга болот

21 июня 2024, 09:50

Бүгүн “Ысык-Көл” эл аралык аэропортуна Ош шаарынан биринчи каттам келди. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.

Бардыгы болуп 96 жүргүнчү келди. 

Июль айынан тарта Ош жана Жалал-Абаддан каттамдарды “Tez Jet” авиакомпаниясы күн сайын ишке ашыра баштайт.