Кадамжайда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды

25 июня 2024, 11:15

Селден улам Баткен облусунун Кадамжай районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен билдиришти.

Кечээ Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунун аймактарында катуу жааган жаандан улам сел жүргөн. Табигый кырсыктан 5 жаштагы бала каза таап, 70 жаштагы дагы бир тургун ооруканага жаткырылды.

Мындан тышкары, 1 миңден ашуун тургун коопсуз жайга көчүрүлдү.

24-июнда нөшөрлөп жааган жаандан улам Жалал-Абад облусунун Ноокен, Базар-Коргон районундагы үйлөргө да суу кирген. Ошондой эле Таластын Бакай-Ата районунда айыл чарба талаалары зыян тартып, айрым үйлөрдү суу каптады.