Казакстанда күзүндө АЭС куруу боюнча референдум өтөт

27 июня 2024, 17:20

Казакстан атомдук электр станцияны куруу боюнча референдум өткөрөт. Бул тууралуу Tengrinews.kz Акордага таянып жазды. 

Бул тууралуу Токаев ЖМК кызматкерлерине сыйлык тапшыруу аземинде билдирди.

“Сиздер жакшы билесиздер, туруктуу энергиясыз экономиканы өнүктүрүү мүмкүн эмес, ошондуктан мен АЭС куруу маселесин иликтеп чыгууну тапшырдым. ЖМК да бул процесске да жигердүү катышышы керек. Чынында эле өлкөдө атомдук энергетиканы өнүктүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Аны туура жана натыйжалуу пайдалануу маанилүү”, - деген ал.