ЖКнын Бюджет комитети Мелис Тургунбаевди Улуттук банктын төрагалыгына бекитти

26 июня 2024, 15:46

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети Мелис Тургунбаевди Улуттук банктын төрагалыгына бекитти. Маселе пленардык жыйында каралат.

Эске салсак, бүгүн президент Садыр Жапаров Мелис Тургунбаевди өткөн жылдын март айынан бери иштеп келген Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматынан бошоткон. Ал ошондой эле экономика илимдеринин кафедрасынын ассистенти.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеш Кубанычбек Бөкөнтаевдин Улуттук банктын жетекчилигинен алынышына добуш беришти.