«Кыргыз темир жолу» ишканасы атайын техникаларды сатып алды

26 июня 2024, 14:50

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы түзүмдүк бөлүмдөрүнүн инфраструктурасын жаңылоодо. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. 

Анын алкагында заманбап атайын техникалар: МПТ-6 мотовозу, “Беларусь 82.2” трактору жана JAC N35 унаасы сатып алынды. 

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн инфраструктурасын жаңылоо боюнча иш-чаралар улантылат.