Кыргызстан билим берүү тармагына 40 млн доллар насыя алат

28 июня 2024, 12:41

Жогорку Кеңеш Азия өнүктүрүү банкынан билим берүү тармагына 40 млн доллар алуу жана мектептерди 12 жылдык билим берүүгө өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. 

Документке 2023-жылдын 21-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган. 

Кыргызстан бул сумманын жарымын насыя, жарымын грант катары алаары күтүлүүдө.

Каражаттар төмөнкү максаттарга жумшалат. 

  • жаңы программалар боюнча сабак бере турган 10 миң мугалимди даярдоо;
  • инновациялык мектептердин тармагын кеңейтүү - алардан дагы 23 болушу керек;
  • так, табигый жана техникалык илимдерди үйрөнүү үчүн зарыл болгон жабдууларды модернизациялоо.