Кыргызстан Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 67,7 млн доллар насыя алат

26 июня 2024, 11:32

Жогорку Кеңеш Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашууну жана Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Жашыл климаттык фондду каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап, кабыл алды.

Мыйзам долбоорунун максаты – "Кыргыз Республикасынын кайра жаралуучу энергетикасын өнүктүрүү" долбоору боюнча гидроэлектроэнергияны иштеп чыгууну көбөйтүү жана электр энергиясын берүү системасын бекемдөө жолу менен энергиянын кайра жаралуучу булактарын интеграциялоону камсыз кылуу.

Тагыраагы, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан "КРнын кайра жаралуучу энергетикасын өнүктүрүү" долбоору үчүн 80,2 млн доллар өлчөмдө каржылоону бөлүү маселеси жактырылган, анын ичинен 67,7 млн доллар – Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын насыясы, 10 млн доллар – Жашыл климаттык фонддун насыясы жана 2,5 доллар – Жашыл климаттык фонддун гранты.