Кыргызстан Казакстандан 345,7 млн долларга товар импорттоду

28 июня 2024, 16:00

Быйыл январь-апрель айларында Кыргызстан Казакстандан 345,7 млн долларга товар импорттоду. Бул тууралуу “Геостатистика” телеграм каналы жазды. 

Ошол эле учурда, Кыргызстан Казакстанга 127 млн долларга экспорт жасаган. 

Белгилеп кетсек, Казакстанга Орусиядан 4,9 млн долларга товар келген. Казакстандан Орусияга 2,4 млн долларга товар барган.