Кыргызстан менен Европа Биримдиги соода мамилелерин өнүктүрөт

26 июня 2024, 12:30

25-июнда Брюсселде Европа Биримдиги менен Кыргызстан эки тараптуу мамилелерди чыңдоодогу Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашууга (EPCA) кол коюшту. Бул тууралуу Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди. 

Макулдашуу соода жана инвестиция, туруктуу өнүгүү жана байланыш, изилдөө жана инновация, билим берүү, айлана-чөйрө жана климаттын өзгөрүшү, ошондой эле мыйзам үстөмдүгү, адам укуктары жана жарандык коомду камтыйт. 

“Мындан тышкары, тышкы саясат жана коопсуздук саясаты, анын ичинде чыр-чатактарды болтурбоо жана кризисти башкаруу, тобокелдиктерди азайтуу, киберкоопсуздук, аймактык туруктуулук, куралсыздандыруу, куралдарды жайылтпоо, курал-жаракты көзөмөлдөө жана экспорттук көзөмөл маселелерин камтыган кызматташтыкты чыңдоого мүмкүндүк берет”, - деп айтылат маалыматта. 

ЕБнын аткаруучу вице-президенти жана соода боюнча комиссары Валдис Домбровскис Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык келишими Евробиримдиктин Кыргызстан менен экономикалык жана соода мамилелериндеги жаңы баракчаны белгилерин билдирди. 

"Биз адилет жана ачык атаандаштыкты илгерилетүү, ошону менен бирге кыргызстандык керектөөчүлөргө жана чакан жана орто бизнеске пайда алып келүүгө багытталган дымактуу соода жана туруктуу өнүгүү бөлүмүн келишимге киргиздик. Бул макулдашуунун аркасында биз соода агымын жеңилдетүү жана кызматташтыкты өркүндөтүү аркылуу Евробиримдиктин жана Кыргызстандын ишкерлери жана инвесторлору үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жардам берип жатабыз. Биз бул өнөктөштүк жаңы жана жакшы жумуш орундарын түзүү жана экономикалык өнүгүүнү жана туруктуулукту жогорулатуу аркылуу аймактарыбызды гүлдөп өсүшүнө салым кошот деп ишенебиз”, - деди ал.