Кыргызстан Казакстандан алтын сатып алууну 5,5 эсеге кыскартты

24 июня 2024, 12:38

Кыргызстан 2024-жылдын биринчи кварталында Казакстандан 27 килограмм алтын сатып алды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы тастыктайт.

Баалуу металлды сатып алууга 157,6 миллион сом, же 1 миллион 763,7 миң доллар сарпталган. Ошентип, импорттолгон алтындын бир граммынын орточо баасы 65,3 долларды түздү.

2023-жылдын ушул эле мезгилинде Кыргызстан Казакстандан 150,5 килограмм алтынды 8,8 миллион долларга же бир грамм баалуу металлды 58,2 долларга сатып алган.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстан өзү алтынды негизги жеткирүүчү болуп саналат. Алсак, январь-апрель айларында 212,2 миллион долларга 3,1 тонна алтын экспорттогон.