Кыргызстанда алты жаңы муниципалдык мал базар ачылат

25 июня 2024, 14:15

Жакында алты жаңы муниципалдык мал базар ачылат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен Кочкор районунда — 1, Лейлекте — 1, Ноокенде — 1, Сокулук — 1, Кадамжайда — 2 мал базар курулууда.

Белгилеп кетсек, бүгүнкү күндө республика боюнча 44 мал базар бар. Ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берген мал базарлардын саны 15 болсо, 29 мал базарда райондук жана шаардык ветеринардык башкармалыктардын берген көрсөтмөлөрүнүн негизинде ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык келтирүү боюнча оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жатат.