Кыргызстанда балык жана этти кайра иштетүүчү заводдор курулат
Кыргызстанда балык жана этти кайра иштетүүчү заводдор курулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү меморандумга Үрүмчүдө өткөн "Кытай – Евразия ЭКСПО" эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында кол коюлду.
Ага ылайык, уй этин, бодо малдын кошумча продуктулары стандарттарга ылайык Кытайга экспорттолот деп күтүлүүдө.