Кыргызстанда дыйкандар өз убагында күйүүчү май менен камсыздалат

26 июня 2024, 09:15

Кыргызстанда дыйкандар өз убагында күйүүчү май менен камсыздалат.

Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, бардык мунай базаларында жана май куюу станцияларында күйүүчү-майлоочу материалдын жетиштүү запасы бар.

Андан тышкары, Материалдык резервдер фонду тарабынан бир литри 65 сомдон дизелдик отун берилип жатат.

Эгин биринчилерден болуп Араван, Баткен, Базар-Коргон жана Сузак райондорунда жыйналууда.