Кыргызстанда кароосуз калган балдардын саны 20%га көбөйдү

20 июня 2024, 12:55

Кыргызстанда 1-июнга карата кароосуз калган 224 бала 115 фостердик үй-бүлөдө тарбияланууда.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, 2023-жылдын 1-июнунда карата 97 фостердик үй-бүлөдө 188 бала тарбияланган. Муну менен өткөн жылга салыштырмалуу кароосуз калган балдардын саны 20%га көбөйгөн.

Белгиленгендей, фостердик үй-бүлөгө дагы 45 талапкер министрликтин аймактык бөлүмдөрүндө окуу үчүн каттоодо турат.