Кыргызстанда мобилдик телефондор милдеттүү түрдө катталат

21 июня 2024, 15:06

25-июнга чейин уюлдук операторлордун түйүндөрүндө активдүү болгон бардык телефондор автоматтык түрдө катталат. Тиешелүү токтомду Министрлер кабинети 2022-жылдын май айында бекиткен. 

Каттоодон өтпөгөн телефондор Кыргызстандын операторлорунун түйүндөрүндө иштей албайт. Мамлекеттик идентификациялоо системасы абонентке 30 күн мурун СМС аркылуу билдирүүгө тийиш. 

Каттоо уникалдуу сериялык номерлер аркылуу мобилдик аппараттардын аныктыгын текшерүүгө мүмкүндүк бериши керек. Бул керектөөчүлөрдү мыйзамсыз импорттолгон жабдууларды сатып алуудан коргоого жардам берери айтылат.

2020-жылдардын башында Кыргызстанга контрабандалык телефондорду киргизүү аракеттери маал-маалы менен болгон. 2021-жылы УКМК жалпы баасы 545 миң сомду (6 миң доллар) түзгөн аппараттарды мыйзамсыз алып кирүүнү аныктаган. Аткезчилик маселеси толук чечиле элек. Май айында Баткен облусунда чек арачылар 1,3 миңден ашык аткезчилик менен ташылган уюлдук телефондорду алып өтүү аракетин токтоткон.